2017-2018 окуу жылы үчүн Мевлана алмашуу программасынын жыйынтыктары жарыяланды.
Көңүл бургула!
• Бул тизме күн сайын университетибиздин Мевляна алмашуу программасынын официалдуу сайтында жаңыланып турат http://mdp.manas.edu.kg
• Мевляна алмашуу программасынан баштарткан студенттер офисибизге келип арыз жазуулары керек.
• Мевляна алмашуу программасыны пайдалануу укугуна ээ болгон студенттер, керектүү документтерди даярдоо үчүн офисибиз менен байланышуулары керек.
• Резервдик тизмеде орун алган студенттер, программага стипендиясыз катышуу үчүн арыз менен 30-апрельге чейин офисибизге кайрылуусу керек.
Суроолор жана кошумча маалымат үчүн Этот адрес электронной почты защищён от спам-ботов. У вас должен быть включен JavaScript для просмотра. адресине кат жазып же Мевлана алмашуу программасынын координаторлугуна кайрылсаңар болот. Ички номер 698.
2017-2018 окуу жылы Студенттер үчүн:“Мевлана” алмашуу программасынын алкагында стипендия менен же болбосо стипендиясыз окуу укугуна ээ болгон студенттер:
• Окуу протоколу,
• Кабыл алынгандыгы тууралуу документ,
• Студенттин анкетасы,
• Билдирүү,
• Маалымат баракчасы,
• Паспорттун көчүрмөсү,
• Жоопкерчилик келишими
Сыяктуу документтерди mdp.manas.edu.kg дарегинен алып, кол коюлган 3 нускасын “Мевлана” алмашуу программасынын координаторлугуна берүү менен программага катталган болот.
Бөлүм координаторлору Түркияга кете тургандыгы такталган бөлүмдүн студенттеринин тизмесин өз башкармалыгындагы башкаруу кеңешине билдирүүсү керек.
Окутуучулар үчүн: Программага катышууну каалаган окутуучулар mdp.manas.edu.kg интернет дарегинен ала турган документтерди;
•Окутуучунун мобилдүүлүк баракчасын,
•Окутуучунун маалымат баракчасын,
•Академиялык автобиографияларын электрондук түрдө толтуруп, басып чыгаргандан кийин тийиштүү жерлерге кол койдуруп, түз эле координаторлугубузга өзүлөрү тапшыра алышат.