Mевлана алмашуу программасы деген эмне?

Бул программа , өлкө ичинде билим берген жогорку окуу жайлары менен өлкө сыртында билим берген жогорку окуу жайлары арасында окутуучу жана студенттердин алмашуусуна мүмкүнчүлүк берген программа болуп саналат. 2011-жылы 23-августта 28034 номерлүү Расмий Газетада жарыяланган жобого ылайык алмашуу программасы ишке ашырыла баштаган.Мевлана программасынын башка программалардан айырмасы белгилүү бир географиялык аймак боюнча иш жүргүзбөйт, тескерисинче программага дүйнөдөгү баардык жогорку окуу жайларын камтууда.

Мевлана ким болгон ?

Программага аты берилген Мевлананын чыныгы аты-жөнү Мухаммед Желаледдин. Мевлана, азыркы Афганистанга караштуу Хорасан аймагынын Балх шаарында 1207-жылы туулган. Султан Велед, Шемс-и Тебризи жана жакшы көргөн кишилер Мевлана атын колдонушкан, ошондуктан бул ысым аны сыпаттаган универсалдуу символго айланган. Ал эми батыштагылар Мевлананы Руми деп таанышат.

XIII кылымда жашаган, эмгектери менен бүгүнкү күнгө чейин эскерилген суфист Мевлананын “Кел, эмне болсоң бол, кел” саптарында чагылдырылгандай ал кишилердин арасында эч кандай айырма жоктугун жактаган. Мевлана боорукер, кайтарымсыз жана чексиз инсан сүйүүсү менен бирге көлдөй толеранттуулугу аркылуу бир гана ислам дүйнөсүн эле эмес, бүткүл адамзатты таң калтырган. Ал жашоого жана инсандарга көз карашы менен айырмаланган ойчул катары бүткүл дүйнөдө таанылат. ЮНЕСКО Мевлананын туулган күнүнүн 800 жылдыгынын мааракесине карата 2007 жылды Мевлана жана Толеранттуулук Жылы деп жарыялаган.

Мевлана өмүрүндө окуучу жана илимпоз катары өз доорунун түрдүү өлкө жана шаарларындагы жогорку окуу жайлары менен таанышып чыккан. Мевлананын жашоосунда жана философиясында “алмашуу” зор мааниге ээ. Мевлана Месневи, Диван-ы Кебир, Фихи Мафих, Мектубат жана Межалис-и Себа сыяктуу эмгектердин да автору болуп саналат.

Мевлана алмашуу программасына кимдер катыша алат?

•  Университетибиздин жогорку мектеп, факультет жана институттарынын студенттери

•  Университетибиздин 25/06 / 2013 күнкү жана 08 номердүү жыйынында кабыл алынган чечимине ылайык факультеттердеги экинчи курстун студенттери 5- жана 6-семестрлерде Түркияда окуу үчүн арыз бере алышат.

•  Жогорку мектептердин сутденттери болсо биринчи курстан баштап, үчүнчү семестрди Түркияда окуу үчүн документтерди тапшыра алышат.

•  Университетибизде эмгектенген бардык окутуучулар “Мевлана” алмашуу программасына катыша алат.

•  Кенже илимий кызматкерлер программага окутуучу катары катыша алышпайт. Магистрант жана докторант катары катыша алышат.

Мевлана алмашуу программасына тапшыруу шарттары

Студенттер үчүн ;

•  Жогорку мектеп, бакалавр, магистратура же докторантуранын студенти болуусу зарыл.

•  Бакалаврга чейинки жана бакалаврда окуган студенттердин жалпы академиялык баасынын орточо көрсөткүчү 4 ( төрттүк ) эсептөөдө минимум 2,5 ( эки жарым ) болушу керек.

•  Магистратура жана докторантура студенттеринин жалпы академиялык баасынын орточо көрсөткүчү 4 ( төрттүк ) эсептөөдө минимум 3 ( үч ) болушу керек.

•  Бакалаврга чейинки жана бакалавр программаларынын даярдоо курсу жана биринчи курсунда окуган студенттер ошондой эле даярдоо курсу жана илимий даярдык этабында билим алып жаткан магистратура жана докторантурадагы студенттер окуп баштаган алгачкы эки жарым жылдык мезгилде Мевлана программасынан пайдалана алышпайт.

•  Магистрантура жана докторантура студенттери программадан пайдалануу укугуна ээ болгон мезгилде,бардык сабактарын алып бүтүргөн болушу керек. Себеби, бул студенттер диссертация жазуу учурунда гана бул программага катыша алышат.

Кантип тапшыруу керек? Кайсы документтер керек ?

Студенттер , mdp.manas.edu.kg интернет дарегинен керектүү формаларды так жана толук толтуруп, тийиштүү бөлүмдүн координаторлугуна тапшыруусу аркылуу орундалат.

Бардык окутуучула р ыбыз университетибиз менен келишим түзүлгөн бардык университеттердин бөлүмдөрүндө алмашуу программасына катыша алат. Документтерин Мевлана алмашуу программасы координаторлугунун  офисине тапшыра алышат.

“Мевлана” алмашуу программасынын алкагында алмашуу мөөнөттөрү жана окуу чыгымдары

“Мевлана” алмашуу программасынын алкагында катышууну каалаган студенттер 2 семестрден ашык бул программадан пайдалана алышпайт. Алмашуу бардыгы болуп, бир окуу жылдан ашпашы керек. Окутуучулар болсо минимум 2 жума, максимум 3 айлык мөөнөткө программага катыша алышат . Студенттер Мевлана алмашуу программасы студенти болгон мезгилде бара турган жогорку билим берүү мекемесине окуу акысын төлөшпөйт .