“МЕВЛАНА” АЛМАШУУ ПРОГРАММАСЫ ТУУРАЛУУ КӨП КЕЗДЕШКЕН СУРООЛОР

 

1- Студенттер канчанчы курста тапшыра алышат?

 

Бакалавр студенттери экинчи курста тапшыра алышат. Тапшырган күнгө чейинки транскриптиндеги жалпы орточо баасы 2,50дөн жогору болуусу керек. Магистрант жана докторанттар диссертациялык иштерин жазуу учурунда гана кайрыла алышат.

 

2- Окутуучулардын мобилдүүлүгү алкагында сабак берүү процесси жана мазмуну эмнени камтыйт ?

 

Окутуучулардын мобилдүүлүгү алкагында орун алган билим берүү иш-чаралары бир жумада жалпысынан алты сааттан аз болбошу керек. Окутуучу тарабынан аткарылган иш-чараларды саат катары эсептөөдө сабактар негиз катары алынат. Сабак сааттары бир жумада алты саатка жетпей калган учурда, семинар, панель же болбосо конференция сыяктуу илимий иш-чаралар дагы бул алкакта баамдалат. Сабак берүү иш-чарасын камтыбаган окутуучу мобилдүүлүк пландары “Мевлана” алмашуу программасынын алкагында каралбайт жана алмашуу үчүн кабыл алынбайт.

 

3- Программага тапшыргандардын тил билүү деңгээлин аныктоо үчүн кандайдыр бир (YDS, TOEFL, IELTS сыяктуу ) сынак түрү/сертификат зарылбы ?

 

Программага катышуу үчүн кайрылган студенттерди тандоодо колдонулган негизги критерийлердин бири бул - чет тил баллы болуп эсептелет. Бирок тийиштүү мыйзам менен бекитилген сынак түрү же сертификаты жок. Жогорку билим берүү мекемелери талапкерлерден улуттук жана эл аралык деңгээлде жарактуу сынак түрүн/сертификатын талап кыла тургандай эле өздөрү өткөрө турган сынак аркылуу дагы студенттин тил билүү деңгээлин аныктай алат/сертификат бере алат. Чет тилди билгендиги боюнча талапкерлердин жөндөмү программанын дагы, студенттин дагы ийгилигине таасир этүүчү эң маанилүү көрсөткүчтөрдүн бири. Жогорку билим берүү мекемелеринен талапкерлерди тандоодо бул багытта сак болуулары күтүлүүдө.

 

4- “Мевлана” алмашуу программасына катышууну каалаган студент барган университетине окуу үчүн кандайдыр бир акы төлөйбү ?

 

Студенттер программанын алкагында бара турган университетке окуу үчүн акы төлөбөйт.

 

5- Студенттер менен окутуучулардын “Мевлана” алмашуу программасынын алкагында пайдалана ала турган кандай материалдык мүмкүнчүлүктөр бар ?

 

“Мевлана” алмашуу программасынын алкагында стипендия алуу укугуна ээ болгон студенттер жалпысынан 4 ай бою ай сайын 825 түрк лирасы өлчөмүндө стипендия алат . ( Мындан сырткары калган бардык чыгымдар студентке тиешелүү ). Ошондой эле барган университетинде дагы студенттерге арналган бардык мүмкүнчүлүктөрдөн пайдалана алышат. Окутуучуларга ЖБББнин наамдарына жараша аныктаган 40 же 50 лира күнүмдүк акы төлөнөт. Мындан сырткары окутуучулардын жол кире чыгымдары программа тарабынан төлөнөт.

 

6- Кенже илимий кызматкерлер программага катыша алабы ?

 

Кенже илимий кызматкерлер студент катары (эгерде магистратура же докторантурада катталуу болсо) программага катыша алат. Кенже илимий кызматкерге сабак бергендиги үчүн акы төлөнбөгөндүктөн жана бул программага окутуучулардын мобилдүүлүгү алкагында пайдалана тургандыгы үчүн, кенже илимий кызматкерлер окутуучу катары программага катыша албайт.

 

7- Жыл сайын ЖБББ тарабынан билим берүү мекемелерине белгилүү квота берилеби ?

 

Жыл сайын жогорку билим берүү мекемесине өз-өзүнчө квота берилбейт. “Мевлана” алмашуу программасынын протоколунун 2-бетинде кол кое турган мекемелер кайсы багыт/бөлүмдөрдө канча студент жана окутуучу алмашууга катыша тургандыгын саны жана мөөнөтү боюнча белгилейт. Кол коюлган протоколдордун бир нускасы ЖБББ жөнөтүлөт. ЖБББ аткаруу кеңеши каражаттарды адилеттүү пайдалануу, программанын эффективдүү жана жемиштүү болуусу үчүн жогорку билим берүү мекемелеринен келген талаптарды талдап чыгып, керектүү учурларда жөнөтүлгөн талаптардын кайрадан даярдалуусу чечимин чыгара алат.

 

8- Магистрант жана докторанттар диссертациялык иш жазуу этабында “Мевлана” алмашуу программасына катыша алабы ? Катышкан учурда барган университетинде кандайдыр бир окуу программасын жүргүзүүлөрү керекпи же болбосо кандай программа жүргүзүлөт?

 

Магистранттар жана докторанттар нускамада белгиленген жагдайларга жараша диссертациялык иш жазуу этабында дагы “Мевлана” алмашуу программасына катыша алат. Студенттин бара турган университетинде сабак алып-албоосу, доктордук диссертациясын изилдөө жүргүзүп-жүргүзбөөсү сыяктуу факторлор бөлүм башчылары жана координаторлор тарабынан чечилет. ЖБББ бул тууралуу чечим чыгаруусу зарыл эмес. Бирок студент ийгиликке негиз түзүүчү өлчөнө турган иш-чара аткарышы керек. Бул болсо студенттин программадан пайда таап-таппагандыгын (б.а. окууга, сабакка, иш-чараларга катышып-катышпагандыгын) аныктоо үчүн, ошондой эле стипендия төлөнүүсү жана убакыт жоготууга дуушар болбоосу үчүн керектүү нерсе.

 

9- Бир окуу жылында канча жолу кайрыла алам ?

 

“Мевлана” алмашуу программасына тапшыруу жылына бир (1) жолу жүргүзүлөт.

 

10- Университетибизден Түркияга кеткен студенттердин жашай турган жерлери туурасында КжЖУ жатаканаларынан пайдалануу мүмкүнбү?

 

“Мевлана” алмашуу программасынын алкагында университетибизден Түркияга бара турган студенттер үчүн Кредит жана жатаканалар уюму (КжЖУ) тарабынан бул уюмга тийиштүү жатаканаларда белгилүү бир санда квота бөлүнөт. Бирок бул мүмкүнчүлүктөр квоталардын ичинде колдонулгандыктан, жашай турган жер тууралуу так кепилдик бербейт. Мындан сырткары университеттер өз мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланып, кээ бир университеттер студенттерди өздөрүнө тийиштүү жатаканаларында жашоого шарт түзүп берет. Жатаканасы жок университеттер болсо негизинен келишим аркылуу жеке менчик жатаканаларга жөнөтөт.

 

11- Түркияга барарда виза алуум керекпи ?

 

“Мевлана” алмашуу программасынын алкагында Түркияга бара турган студенттер визадан бошотулушат. Түркияда кабыл алган университет тарабынан бериле турган кабыл алынгандыгы тууралуу баракча менен конок катары эсептелет. Визанын ордуна студенттер Түркияга баргандан кийин жашоо үчүн уруксат гана алуулары керек.

 

12- Барган университетимде окуу протоколун кайрадан жасай аламбы ?

 

Студенттер окуу протоколуна ылайык, барардан мурда сабактардын бирдейлигин жана мазмуну боюнча ылайыктуулугун бөлүм координаторлорунун жардамы менен аныкташат. Студенттер керек болгон учурларда 3 сабакка чейинки сабакты кайра тандоо аркылуу алмаштыра алат. Мындан ашык сабакты алмаштырууга уруксат берилбейт жана студенттин бөлүм координаторунун тастыктоосу менен барган университетинде дагы кайрадан окуу протоколун даярдай алат.

 

13- Университетти эмнеге жараша жана кандай тандоом керек ?

 

Кыргыз-Түрк Манас университети Түркия Республикасынын 70ке жакын жогорку билим берүү мекемелери менен келишим түзгөн. Ошол тийиштүү келишимдердин негизинде студент жана окутуучу mdp.manas.edu.kg дарегиндеги “ Протоколго кол коюлган университеттер ” баскычы аркылуу ар бир университеттин протоколун карап чыгып, өз бөлүмүнө дал келген же кызматташтыгы болгон университеттерге кайрыла алат.

 

14- Башка чет тил сертификаттары жарактуу болобу ?

 

Сертификаттарда студенттин канча балл менен аяктагандыгын көрсөткөн баасы болуусу зарыл. Даярдоо курсунан бошотулуп, түз эле факультет же жогорку мектепте билим ала баштаган студенттер болсо түрк тилин билгендиги тууралуу баасы жазылган расмий сертификат менен тапшыра алат. ( Мектепте түрк тилинде окуган студенттер, мектептеги транскриптинин нотариустан тастыкталган котормосу менен тапшыра алат .)

 

15- Программа тууралуу толук маалыматты кайдан таба алам ?

 

Университетибиздин “Мевлана” алмашуу программасынын мекеме координаторлугу бюросунан же болбосо mdp.manas.edu.kg интернет дарегинен таба аласыз. Программа тууралуу акыркы жана жалпы маалыматты https://mevlana.yok.gov.tr интернет дарегинен аласыз.

 

16- Студенттер тапшырып жаткада эмнеге карап бааланат ?

 

Студенттердин арыздары 50 % чет тил + 50 % жалпы бааларынын орточо көрсөткүчүнө жараша бааланат. Ушунун негизинде эң жогорку баага ээ болгон студенттерди бара турган университеттин квотасына жараша алуу иштери жүргүзүлөт.